Жарнама

Кыргызстанда балдарга кош фамилия берүүгө уруксат берүү сунушталууда (сурамжылоо)

18.06.26 | 12:17
Кыргызстанда балдарга кош фамилия берүүгө уруксат берүү сунушталууда (сурамжылоо) КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда балдарга кош фамилия берүүгө уруксат берүү сунушталууда — азыркы мыйзам боюнча буга жол берилбейт.

Ата-энелердин өз ара макулдашуусу менен балага алардын фамилиялары дефис аркылуу бириктирилип, каалаган тартипте ыйгарылышы мүмкүн. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин бир нече депутаты киргизишти. Алардын айтымында, мындай мүмкүнчүлүккө кызыккан жарандардын саны көбөйүүдө. Маселен, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бирине ата-энелер балдарына кош фамилия берүүгө көмөк көрсөтүүнү суранып кайрылышкан, анткени Калкты тейлөө борборунда (КТБ) аларга мындай өтүнүч боюнча баш тартылган.

Ошол эле учурда кийинки муундарда фамилиялар өтө татаалдашып кетпеши үчүн үч фамилияны колдонууга тыюу салуу сунушталууда.

Бирок мыйзам долбоорунда ата-энесинин бири же экөө тең кош фамилия алып жүрсө, алардын кийинки муундагы балдарына кандай фамилия ыйгарылары көрсөтүлгөн эмес.

Бул демилгени колдойсузбу?

Жыйынтыгы 22-июнь күнү саат 15:00дө чыгарылат. 

Кыргызстанда балдарга кош фамилия берүүгө уруксат берүү сунушталууда (сурамжылоо)

Ооба, балдарга атанын да, эненин да фамилиясы берилиши керек
33.33%
Жок, атасынын гана фамилиясын алыш керек
33.33%
Мага баары бир
0%
Уулу, кызы - деген фамилия болсо кандай болот?
33.33%
Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча