Кыргызстанда психологдордун ишин жөнгө салуу керекпи? (сурамжылоо)
Кыргызстанда психологдордун ишин жөнгө салуу үчүн мыйзам сунушталууда.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Эл өкүлү психологиялык ишмердүүлүк жөнүндө атайын мыйзам долбоорун атайын адистер менен биргеликте даярдап жатканын билдирди.
Анын айтымында, мыйзамды сунуштоого ата-энелердин арыз-муңу себеп болгон.
"Кыргызстанда психологиялык ишмердүүлүк жок болгондуктан ушул мыйзамды сунуштап жатабыз. Азыркы санарип дүйнөдө мен психологмун дегендердин саны көбөйүп, бир сеанс үчүн 3-10 миң сомго чейин алгандар бар экен. Эки-үч ай психологиялык курстан өтүп алып жашы жете элек балдарга кеңеш берип жатышат", - дейт Сурабалдиева.
Сурабалдиева учурда 61дей психологиялык ассоциациялардын өкүлдөрүн, бул жаатта жүргөн бардык муундагы адистерди чакырып жыйын өткөргөнүн, алар менен макулдашып, мыйзам даярдап жатканын билдирди.
Ал мыйзам бардык кызыкчылыктарды эске алуу менен жазыларын, бардык психологдордун реестри түзүлүшү керектигин, ал жерден адистин билими, тажрыйбасы көрүнүп турушу керектигин белгиледи.
Сиздин оюңузча, мындай мыйзамдын зарылчылыгы барбы?
Жыйынтыгы 17-август күнү саат 15:00дө чыгарылат.