Жарнама

Бишкекте электросамокаттарга тыюу салынышы керекпи? (сурамжылоо)

26.08.26 | 13:40
Бишкекте электросамокаттарга тыюу салынышы керекпи? (сурамжылоо) КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Казакстанда 25-августтан тартып электросамокаттардын тротуарлар жана жөө адамдар өтүүчү жолдор менен жүрүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Жаңы талаптар жол кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу киргизилди. Эми электросамокат айдоочулары веложол же веложол тилкеси бар болсо, ошол жол менен гана жүрүшү керек. Алар жок учурда жол кыймылынын эрежелерине ылайык, жолдун оң четинде же жолдун жээгинде жүрүүгө уруксат берилет.

Ал эми жолдун жүрүүчү бөлүгүнө 18 жаштан жогорку, тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү бар жана коргоочу каска кийген адамдар гана чыга алат. Караңгы убакта жарыкты чагылдыруучу элементтерди колдонуу талап кылынат.

Ошондой эле жөө адамдар өтүүчү тилкеден өткөндө самокаттан түшүп, аны жөө жетелеп өтүү керек. Жүрүп баратып жүргүнчү ташууга жана рулду кармабай телефон колдонууга тыюу салынат.

Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, жыл башынан бери электросамокат айдоочуларынын күнөөсү менен 47 жол кырсыгы катталып, ал эми мындай транспорт каражаттарынын айдоочуларын унаа сүзүп кеткен 145 учур катталган. Жаңы чектөөлөр жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Ал эми Кыргызстандын статистикасына таянсак, 2022-жылы самокаттардын катышуусунда 14 жол кырсыгы катталса, 2024-жылы 108, ал эми 2025-жылы 93 учур катталып, биринчи жолу адам өлүмү менен аяктайт.


Ал эми Бишкекте самокаттарга тыюу салуу керекпи? Же жоопкерчиликти күчөтүү менен жол кырсыгын азайтса болобу?


Жыйынтыгы 31-август күнү саат 15:00дө чыгарылат. 

Бишкекте электросамокаттарга тыюу салынышы керекпи? (сурамжылоо)

Самокаттар керек, анткени алар ыңгайлуу жана экологиялык жактан таза
0%
Мен унаа айдаган адаммын, мага баары бир
0%
Тыюу салуу керек, тынч өтүү мүмкүн эмес, сүзүп кетеби деп корком
100%
Жазааны күчөтүп, ылдамдыкты саатына 10 километрге чектеп, калтырып коюш керек
0%
Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча