Балага кош фамилия берүү керекпи? (сурамжылоо)
Жогорку Кеңештин депутаттары ата-энесинин макулдугу менен балага дефис аркылуу каалаган ырааттуулукта бириктирүү жолу менен түзүлгөн кош фамилияны берүүгө уруксат берүүнү сунушташууда.
«Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тиешелүү долбоорду депутаттар Ырысбек Атажанов, Болотбек Борбиев, Дастан Бекешев жана Сеидбек Атамбаев демилгелеп, коомдук талкууга чыгарышты.
Негиздеме маалым катта айтылгандай, долбоордун максаты — ар башка фамилиядагы ата-энелерге өз ара макулдашуу боюнча баланын фамилиясында эки ата-эненин тең фамилиясын сактап калуу мүмкүнчүлүгүн берүү.
Ошону менен бирге, мыйзам долбоорунун текстинде көрсөтүлгөндөй, кийинки муундарда фамилиялардын ашыкча татаалдашып кетишине жол бербөө максатында балага үч аттан турган фамилияны берүүгө жол берилбейт.
Авторлор түшүндүргөндөй, мыйзам долбоору атасынын атын берүү тартибин өзгөртпөйт, баланын фамилиясын атасынын же энесинин фамилиясы боюнча жазуу боюнча колдонуудагы эрежени өзгөртпөйт, кыргыздын улуттук салттарына ылайык фамилияны жана атасынын атын жазуу формасына таасир этпейт, жарандар үчүн кандайдыр бир милдетти белгилебейт жана баланын тегине байланыштуу маселелерди аныктоо тартибине, ошондой эле төрөлгөндүгү тууралуу актынын жазуусуна ата-энелер жөнүндө маалыматтарды киргизүү тартибине таасир этпейт.
Дүйнөлүк практикага кайрылсак, Испания, Португалия, Бразилия, АКШ, Улуу Британия, Канада, Германия, Италия жана башка бир топ мамлекеттерде кош фамилия колдонулат.
Ал эми Кыргызстанда балага кош фамилия берүү керекпи?
Жыйынтыгы 16-сентябрь күнү саат 15:00дө чыгарылат.