Жарнама

Түндө ызы-чуу жараткан унаалардын ээлери жоопко тартылуу керекпи? (сурамжылоо)

01.10.26 | 13:11
Түндө ызы-чуу жараткан унаалардын ээлери жоопко тартылуу керекпи? (сурамжылоо) КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда түнкүсүн шаар тургундарынын тынчын алып, катуу үн чыгарган унааларды башкаргандарга айып пул салууну караган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документ «Жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга жана Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырат.

Эмнелер сунушталууда: 

Мыйзамда «транспорт каражатынын ызы-чуу деңгээли» деген түшүнүк бекитилет. Негиз катары ЕАЭБдин техникалык регламенттери алынат, алар ызы-чуунун чектүү жол берилген ченемдерин белгилейт (мисалы, жеңил унаалар үчүн — 96 дБАга чейин, жүк ташуучу унаалар жана автобустар үчүн — 98ден 100 дБАга чейин).

Эгерде унаалардын жана мотоциклдердин үн чыгаргыч тутумунун конструкциясы ызы-чууну күчөтүү үчүн өзгөртүлгөн болсо же ызы-чуу деңгээли белгиленген чектен ашып кетсе, аларды колдонууга тыюу салынат. Транспорт каражаты мыйзам бузуулар жоюлганга чейин айып короого жөнөтүлүшү мүмкүн.

Ызы-чууну жогорулатуучу жабдууларды орноткон же унааларды мыйзамсыз кайра жабдыган автосервистерге жана жеке ишкерлерге айып пулдар киргизилет.

Ызы-чууну күчөтүү үчүн чыгаруу тутумун кайра жабдыганы үчүн (КР Укук бузуулар кодексинин 188-беренеси) жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул каралууда.

Мындай транспортту башкарганы үчүн да (КР Укук бузуулар кодексинин 194-беренеси) айып пул бар: жарандарга 55 эсептик көрсөткүч жана юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч. 

Ушундай системаларды орноткондор үчүн (КР Укук бузуулар кодексинин 198-беренеси) айып пул жарандарга 75 эсептик көрсөткүчтү жана юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүчтү түзөт.

Демилгенин автору Улан Примов белгилегендей, мыйзамды иштеп чыгууга жарандардын унаалар жана мотоциклдердин түнкүсүн чыгарган ызы-чууга карата көп сандагы даттануулары себеп болгон. Ызы-чуунун деңгээлин өлчөө Министрлер кабинети тарабынан бекитиле турган атайын тартип боюнча объективдүү ыкмалар менен жүргүзүлмөкчү.

Белгилей кетсек, бир нече мамлекеттерде ызы-чуу жараткан унаалардын ээлерине айып пул жана 15 суткага чейин камакка алуу каралган. 

Ал эми Кыргызстанда мындай мыйзам керекпи? 


Жыйынтыгы 9-октябрь күнү саат 15:00дө чыгарылат. 

Түндө ызы-чуу жараткан унаалардын ээлери жоопко тартылуу керекпи? (сурамжылоо)

Мыйзам керек. Түндө музыканы катуу коюп, уйку беришпейт
100%
Мыйзам кереги жок. Баары бир ал мыйзамды эч ким сактабайт
0%
Мага баары бир. Мен катуу музыкага көңүл деле бурбайм
0%
Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча