Жарнама

Көмүрдү канча сомго сатып алдыңыз? (сурамжылоо)

23.10.26 | 09:03
Көмүрдү канча сомго сатып алдыңыз? (сурамжылоо) КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыш мезгили жакындап калгандыктан, жарандарга суук түшкөнгө чейин көмүрдү алдын ала сатып алып, отун камдоо сунушталат. Учурда өлкө боюнча “Кыргызкөмүр” ААК менен келишимдик негизде бир нече көмүр сатуу базалары иштеп, калкты жеткиликтүү баада отун менен камсыз кылууда. “Кыргызкөмүр” ААКсы калкты кар түшкөнгө чейин көмүрдү алдын ала сатып алууга чакырат. Мекемеден билдиришкендей, учурда республика боюнча “Кыргызкөмүр” менен келишимдик негизде 231 отун базасы иш алып барууда. Алардын ичинен 196 отун базасы өлкөнүн түндүк аймагында, ал эми 35 отун базасы түштүк аймакта жайгашкан.

“Кыргызкөмүрдөн” маалымдашкандай, көмүрдүн баасы аймакка жана жеткирүү аралыгына жараша айырмаланат. “Кыргызкөмүр” ААКсы менен келишим түзүп иш алып барган ишкерлердин кампаларындагы көмүрдүн баасы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан белгиленет. Мисалы, Бишкек шаарындагы мындай кампаларда көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7 миң сомду түзөт.

Маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылы көмүр казып алуунун жылдык планы 1,6 млн тоннаны түзөт. Кара-Кече кенинде октябрь айында эле 1 млн тонна көмүр казылып алынды. Бул жылдык пландын 62,5 пайызы аткарылганын билдирет. Бул көрсөткүч 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана көмүр казып алуу иштери уланып жатканын көрсөтөт.

"Кыргызкөмүр" ААКтын башкы директору Рустамбек Садыралиев жарандарды суук түшкөн акыркы апталарга чейин күтпөстөн, кыш мезгилине керектүү көмүрдү алдын ала сатып алып, отун камдоого чакырат.

"Аба ырайынын суукташы менен көмүр базаларында көмүр көбүрөөк сатыла баштады. Ага чейин көмүр өтпөй жаткан. Бүгүнкү күндө көмүр менен элди камсыз кылуу министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, жергиликтүү администрацияларга жүктөлгөн. Көмүр менен камсыздоо маселеси айыл өкмөттөн тартып, райондук жана облустук администрацияларга жүктөлгөн. Биз көмүр өндүрүүчү компания катары эле көмүр казуу менен алектенебиз. Көмүр алуучулар биз менен келишим түзүү менен иштешет. Учурда социалдык көмүр кампа деп 190дой ишкер менен келишим түзгөнбүз. Көмүр кампалары уюштурулуп, иш алып барууда”, - деди Садыралиев.

Эскерте кетсек, “Кыргызкөмүр” менен иштешпеген базалардагы көмүрдүн баасы көрсөтүлгөн баадан айырмаланышы мүмкүн. Көмүрдүн баасы аймакка жараша айырмалангандыктан, сатып алардан мурун тиешелүү маалыматты тактап алуу сунушталат.


Ал эми сиз көмүрдү канча сомго сатып алдыңыз? 

Жыйынтыгы 30-октябрь күнү саат 15:00дө чыгарылат. 

Көмүрдү канча сомго сатып алдыңыз? (сурамжылоо)

Быйыл көмүрдү 5000-7000 сомго алдым
14.29%
Быйыл көмүрдү 7000-9000 сомго алдым
14.29%
Быйыл көмүрдү 9000-11000 сомго алдым
0%
Көмүр ала элекмин, анча акчам жок, бир каптан эле алып турам
42.86%
Биз газ менен жылытабыз
28.57%
Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча