Жарнама

Ажырашканда мурунку жубайын үй менен камсыздоо керекпи?

26.10.26 | 10:24
Ажырашканда мурунку жубайын үй менен камсыздоо керекпи? КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жубайлар ажырашканда алардын жашоочу жайын тескеген мыйзам долбоору сунушталууда. Тиешелүү документ Жогорку Кеңештин сайтындагы коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорун парламент спикери баш болгон 11 депутат демилгелөөдө. Анда түгөйлөр ажырашкан учурда мурунку күйөөсүн мурунку аялын убактылуу жашоочу жай менен камсыз кылууга милдеттендирүү сунушталууда. Мисалы, ал мурунку аялына өзүнө таандык үйдү берип турушу керек же анын батиринин ижара акысын төлөп бериши керек болот.

Демилгечилер буга жубайлар ажырашканда аял кишилер балдары менен көчөдө калып жатышканын мисал кылышууда. Ажырашкандардын ортосундагы турак жай маселелерин сот ушул мыйзамды эске алып чечим чыгара алат. Чечим тараптардын материалдык, үй-бүлөлүк жана турак жай шарттарын эске алуу менен кабыл алынат.


Кыргызстанда мындай мыйзам керекпи? 


Жыйынтыгы 31-октябрь күнү саат 15:00дө чыгарылат. 

Ажырашканда мурунку жубайын үй менен камсыздоо керекпи?

Мыйзам керек. Азыр ажырашкан келиндер эптеп ар жерде балдары менен баш калкалап жүрөт. Алимент аз
40%
Мыйзам кереги жок
20%
Мындай мыйзам кабыл алынса, ажырашуулар көбөйөт
40%
Мыйзам кабыл алынса, ажырашуулар азаят
0%
Мага баары бир
0%
Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча