Жарнама

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу керекпи? (сурамжылоо)

24.11.26 | 11:11
Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу керекпи? (сурамжылоо) КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу пландалууда. 

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Маманов учурда тыюу салууну кайсы ведомство киргизери чечилип жатканын билдирди.

«Тыюу салынган учурда бюджетке 1,5 млрд сом түшпөй калат. Өлкөдө бир өндүрүүчү (“Абдыш-Ата”) жана 52 импорттоочу бар. Алардын 26сы суусундуктарды үчүнчү өлкөлөрдөн (ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн) алып келишет. Бүгүнкү күндө тыюу салууга каршы чыга турган күчтөр жок», — деди ал.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жарандардын ден соолугу баарынан жогору экенин кошумчалады.

Буга чейин Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бийлик энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун даярдаган.

Энергетикалык суусундуктардын берген таасири ичкенден кийинки алгачкы 1-3 саатта сакталат. Андан кийин адам мурдагыдан да алсырайт. Мунун себебин Орусиялык спорт дарыгери, трваматолог-ортопед Валентин Беляевский мындайча түшүндүрөт: "Энергетикалык суусундуктар энергия бербейт, тескерисинче, анын курамындагы заттар организмдин запастагы энергиясынын бөлүнүп чыгып короосуна шарт түзөт. Запастагы энергия – зат алмашууга, борбордук нерв системинин иштешине өбөлгө түзүп, аз-аздан короп туруучу булак. Энергетикалык суусундуктун курамындагы углеводдор, кофеин зат алмашууну тездетет. Адам суусундукту ичкенден кийин канча бир убакыт сергийт. Бирок анын таасири бүткөндө абалы иче электегиден да начарлайт. Анткени сиз пландагандан да көп энергия коротуп салдыңыз"

Дарыгерлердин айтымы боюнча, энергетикалык суусундуктар кант диабетин, алкоголдук гепатитти, жүрөк ооруларын жаратат, эс тутум начарлайт, адамды акыры гемодиализге алып барат.

Дүйнө жүзүндө энергетикалык суусундуктарга толук тыюу салган өлкөлөр дээрлик жок, бирок 20дан ашык мамлекетте жаш куракка жараша сатууга катуу тыюу салынган.

Ал эми Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу керекпи?

Жыйынтыгы 27-ноябрь күнү саат 16:00дө чыгарылат.

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу керекпи? (сурамжылоо)

Кыргызстанда такыр сатпаш керек, бул бүтүндөй улуттун саламаттыгына зыян
0%
Мага баары бир, мен энергетикалык суусундук ичпейм
0%
Тыюу салуунун кереги жок. Ар бир адамдын өз жоопкерчилиги
0%
Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча