народный

Ирак менен Кувейт Ирандын жарандарына эшигин жапты

Иранда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алган 5 киши аныкталып, алардан экөө көз жумду. Буга байланыштуу Ирактын чек ара башкармалыгынын 20-февралдагы маалыматына караганда, кеминде үч күн аралыгында ирандык туристтерге өлкөгө кирүүгө тыюу салынат. Мындан тышкары Ирандан кайткан ирактыктар да кылдат текшерүүдөн өткөрүлөт. Улуттук «Ирак аба каттамдары» компаниясы да Иран менен болгон каттамдарын убактылуу токтотту.

Миллиондогон ирандык жарандар Ирактагы шиит мусулмандарынын ыйык жерлерине зыяратка барышат.

Коронавируска байланыштуу Кувейт да Иран менен каттамын чектеди. Улуттук KUNA маалымат агенттиги эки өлкөнүн ортосундагы деңиз каттамдары токтотулганын 21-февралда кабарлады. 20-февралда «Kuwait Airways» аба компаниясы өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин сунушунан улам Иран менен бардык каттамдарын токтоткон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru