Иракта жумушсуздуктан башаламан болуп, губернаторлук имарат ташбараңга алынды

Ирактын түндүгүндөгү Зикар аймагында жумушсуздуктун айынан көчөлөргө чыккан митингчилер губернаторлук имаратын ташбараңга алышты жана унаа дөңкөлөктөрү өрттөлүп авто жолдор унааларга жабылды.

Бир митингчи топ губернаторлук имаратынын алдына чогулуп ага таш ыргытышты. Андан кийин имарат турган проспектиде унаа дөңгөлөктөрүн өрттөшүп жолдорду жабышты.

Көрүнүштөр соцтармактан жарыяланды.

Иракта 2019-жылы октябрь айында жумушсуздук, коррупция жана коомдук тейлөө жетерсиз болгондуктан өкмөткө каршы митингдер өткөрүлгөн. Митингдер борбор шаар Багдат менен өлкөнүн түштүгүндөгү шаарларга да жайылган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.