народный

Иранда коронавурустан эки киши каза болду

Ирандын Кум шаарында коронавирустан эки жергиликтүү тургун кечээ, 19-февралда каза болду. Бул туурасында Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин инфекциялык оорулар боюнча улуттук комитетинен кабарлашты.

 Алар кытайлык жарандар менен же болбосо ал өлкөгө барып келгендер менен байланышы жок туруп эле ооруну жуктуруп алган. Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги илдетти жуктуруп алгандар тууралуу өлкөнүн башка аймактарынан маалымат түшпөгөнүн билдирген.

Учурда министрликтин алдындагы инфекциялык ооруларды иликтөө боюнча комитет Кумдагылар дартты кандай жол менен жугузуп алышы мүмкүндүгүн аныктап жатат. Вирус коңшу мамлекеттерден келген саякатчылардын биринен берилген деген божомол бар. Кайсы жерден тараганын так айта аныктала электиги кошумчаланат маалыматта.

Эске салсак, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялашкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru