Ирандын вице-президенти коронавирус жуктуруп алды

Ирандын аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча вице-президенти Масуме Эбтекар коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу  чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Эбтекар тапшырган анализден коронавирустун белгилери аныкталган.

Соңку маалыматтарга ылайык, Иранда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 245ге жетип, 26 адам адам жашоо менен кош айтышкан. Акыркы сутка эле вирусту 100гө жакын адам жуктуруп алган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru