народный

Ирет-ирети менен шаардын бардык аймактары дезинфекцияланат

Дезинфекциялоо иштерине байланыштуу шаардын көчөлөрүнө блокпосттор коюлган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын аймагында дезинфекция жүргүзүү максатында шаардын И.Ахунбаев, Чапаев, Жаш Гвардия бульвары, Жибек-Жолу көчөлөрү, ошондой эле Осмонкул, Салиева, Курманжан Датка 7-апрель көчөлөрү менен чектелген жерде санитардык-карантиндик аймак түзүлгөн.

“Ал көчөлөрдө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Аталган көчөлөргө блокпосттор коюлуп, жөө жүргүнчүлөргө жана автоунааларга толук чектөө коюлат. Ал эми медицина, укук коргоо органдарына, банк кызматкерлерине жана медицина каражаттарын ташыган жүк ташуучуларга уруксат берилет”, – дейт ал.

Анын айтымында, бул аймакта дезинфекциялоо аяктаган соң, башка көчөлөрдө да дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. “Ирет-ирети менен шаардын бардык аймактарын дезинфекциялайбыз, ал убакта ал жерлерде да чектөөлөр болот”,- деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, шаардын борборун дезинфекциялоо иштери кечээ, 26-мартта башталган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru