народный

Исхак Масалиев: Дипломдорумдун аныктыгын текшерүүгө таптакыр тыюу салам! Эч ким негизсиз текшерүүгө алынбайт

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев анын дипломунун текшерилүүсүнө каршы. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, 1977-жылы азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун (ошол кездеги КГУ им.50 летия СССР) тарых факультетине тапшырып, 1982-жылы аяктаган. Жубайы Атыргүл аны менен бир курста окуган.

Андан кийин ошол эле университеттин юридикалык факультетинде сырттан окуп, диплом алган.

“Дипломдорумдун аныктыгын текшерүүгө таптакыр тыюу салам! Эч ким негизсиз текшерүүгө алынбайт. Эгер университеттин жетекчилиги кимдир-бирөөлөргө менин окуумдун архивин берсе, мен сотко кайрылам. Баары мыйзам чегинде болушу керек”, – деп жазган саясатчы.

Эске салсак, жакын арада УКМК Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен бардык мамлекеттик кызматкерлердин дипломун текшерет. Диплом боюнча тергөө жасалма диплом боюнча козголгон кылмыш ишинин айынан депутаттык мандатынан ажыратылган Орозайым Нарматованын окуясы боюнча козголгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru