народный

Исхак Пирматов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Укук коргоочулар байыбасын деп жатабыз”

–Исхак  Айтбаевич,  иммигранттарга милдеттүү түрдө патент алуу мыйзамын сунуштап жатасыз. Өкмөткө жакшы эле пайда түшөбү?

–Ооба,  пайда жакшы эле түшөт. Бул мыйзам  убактылуу келип иштеп кеткен  Өзбекстан менен Тажикстандын жарандарына гана тийешелүү. Канча күн келсе, ошончо күнгө патент алсын. Ал биздин бюджетке салым кошот, өздөрү дагы ар кимден коркпой, патентин көрсөтүп иштей беришет.

–Буга чейин укук коргоо органдары тескеп жатпады беле?  Кайра эле алардын коррупциялык булагы болуп калбайбы?

–Акчалардын баары ошолордун чөнтөгүнө түшүп кетчү. Азыр болсо түз эле өлкөнүн бюджетине түшө турган кылабыз. Милициялар эле байыбасын деп жатабыз. Акча түшүп турса, өкмөттүн өзүнө да жакшы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru