Ишкер үй жайсыз Кайратты табышууга коомчулуктан жардам сурайт

Бул тууралуу “коом press” сайтына ишкер Болот Дыйканбаев өзү билдирди.
“Туура түшүнүңүздөр, менин балдарым бир жумадан бери Кайраттын дарегин таппай жатышат. Жүрөт деген жерлердин баарын кыдырдык. Бирок, тилекке каршы таппай жатабыз. Коомчулук табышууга жардам берсе, же көргөндөр кармап турса эртерээк дарылатууга көмөк кошкон болот элеңиздер”-деди ишкер.

Эскерте кетсек, үй жайсыз Кайрат аттуу адам географияда шаарлардын, жер суунун аттарын жатка айтып берип, социалдык тармакта жылдыз болгон эле.

Leave A Reply

Your email address will not be published.