Осмон Турдумамбетов Токтогул районундагы 200 үй-бүлөгө жардам берди

Мындай маалыматты Токтогул районунун тургундары таратышты:

“Урматтуу Токтогул шаарынын тургундары. Элибиз башынан оор күндөрү өткөрүп жатат. Токтогул өрөөнүнүн патриот жигиттеринин катарын толуктаган көрүнүктүү уулу – Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович да мындайда четте калбай, өз элинин аярлуу катмарына өз эсебинен 200000 сомдук (күрүч, мисте май, кумшекер, макарон, чай, маргарин майын жана күнүмдүк керектелүүчү азыктар) жардам көрсөттү.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда бул чек эмес экен, районубуздун башка аймактарына да жардам көрсөтсөм деген изги тилектери бар экен. Баракелде, сизге элдин атынан чоң ыраазычылык!!!”-дейт алар. 

Ал эми  “коом press” сайты өзү менен байланышканда «бүгүн пайдалануу үчүн  Токтогул райондук ШИИБиге  бир микро автобус, ал эми ооруканага жигули алып бердим»-дейт ал.

Эскерте кетсек ишкерлер Токтогул районуна буга чейин да жардам беришкен

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru