народный

Ишкерлердин кулагына күмүш сырга: Арзан картошка келе жатат, чиритип албагыла!

Кыргызстанда картошканын баасы өсүп кетти. Себеби, ишкерлер өлкөдөгү абалды пайдаланып, картошканын баасынын өсүшүн күтүп катып жатышат. Бирок, жакында Россиядан ири көлөмдөгү картошка келери күтүлүп жатат. Бул тууралуу Россияда иштеп жүргөн активист Чынгыз Ысманов маалымдады.

“Элдин чөнтөгүн каккандар – эл каргышынан корккула. Россияда картошканын баасы 6 рубль, оптом. Кыргызстанда асманга чыгарып алыпсыӊар. Көп бизнесмендер картошкаларын катып жатышыптыр, дагы кымбаттасын деп. Эки таанышым бар, бул жактан өтө көп тонна картошка алып кеткени жатат. Жакында Кыргызстанды арзан картошка менен камсыздайт. Картошка кымбат деп камтама болбоңуздар. Жакын арада Россиянын кара топурагында бышкан, сапаты эң жогорку картошка Кыргызстанга барат. Бул Россиядагы картошканын оптом баасы: https://agrobazar.ru/vegetables/wholesale/potato/”,-дейт активист.

Белгилей кетсек, өткөн жылы дагы картошканын кымбатташын күтүп отурган дыйкандар – кийин кампасында чиритип алган. Тонналаган картошкаларын аргасыз ыргытып кутулушкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru