Иштамберди кениндеги ири өрт 15 саатта өчүрүлдү

Жалал-Абад облусундагы Иштамберди кениндеги ири өрт 15 сааттан ашык өчүрүлдү. Бул тууралуу   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 Full Gold Mining ЖЧКсына таандык имараттагы өрт тууралуу маалымат 19-октябрда саат 10: 15те келип түшкөн.  Буга чейин Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы цианид же башка химиялык зат күйүп жатат деген божомолдорду четке каккан.  Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн келип чыгышына ширетүү себеп болгон.

 Өрт болгон жерде эки өрт өчүрүү тобу иштеди.

 Өрт саат 12: 29да локалдаштырылып, 20-октябрда саат 1: 35те толугу менен өчүрүлгөн.

 Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн аянты 2 миң чарчы метрди түзгөнүн тактады.  Келтирилген чыгымдын көлөмү иликтенип жатат, жабыркагандар жок.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru