Ислам кызматташтык уюмунун байкоочулары парламенттик шайлоого баасын берди

Ислам кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын башчысы Адамо Бабакар 29-ноябрдагы маалымат жыйынында Кыргызстандагы парламенттик шайлоо таза өтүп, ага жарандар активдүү катышты деген пикирин билдирди.

“Шайлоо процесси бардык мыйзамдарга жана эл аралык нормаларды эске алуу менен өткөрүлдү. Шайлоо участоктору добуш берүүнүн заманбап техникалары менен жабдылган. Шайлоого аялдар да активдүү катышты, мындан ары да ушундай активдүүлүгүнөн жазбаса дегим келет. Бул шайлоолордун жыйынтыгы ийгиликтүү болду”.

Адамо Бабакар акыркы жылы Кыргызстанда бир нече шайлоолор өткөнүн белгилеп, өлкө бийлигинин демократиялык институттарды түзүү аракети ишке ашты деп кошумчалады.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышын шайлоонун жүрүшүнө 700дөн ашуун эле аралык байкоочу көз салды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru