Исмаил Исаков, экс-коргоо министри: АКС өздөрүнүн авторитетин өздөрү кетирип алышты

Мындай пикирин  экс-коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Исмаил Исаков “koom.press” сайтына билдирди.

“Президенттин айтканы туура. Мен колдойт элем. Себеби Коррупцияга каршы күрөш Атамбаевдин учурунда түзүлгөндө мен абдан каршы чыккам. Анан алар ошол каршылыкка жооп катары указын кайра жокко чыгарганга даярдашып, бирок эмнегедир кийин биз жоюлат дегенде унчукпай калганда булар ошол боюнча калтырып коюшкан. Коррупцияга каршы күрөш кызматы жазалоочу органга айланды. Мыйзамсыз адамдарды кармап, жасалма иштерди козгоп, элдин чучугуна жете турган болуп калган учурда ошондой чечим кабыл алганын биз колдоп беришибиз керек. Мындай орган болуш керек эмес. Бул бүгүнкү күндө элдин кыжырын кайната турган кызматтардын алдынкыларынан болуп калганын элдин баары эле түшүнүп калды.

Бул кызматтын негизги милдети: Бийлик адамдарынын чоӊ кызмат ээлеп туруп туруктуу уюм түзүп, ошол бийлигин эсебинен байып, мамлекетке зыян учураткан адамдарды, чоӊ-чоӊ чиновниктерди, министрлерди же болбосо ошол деӊгээлдеги адамдарды кармай турган орган болуш керек эле. Тилекке каршы булар айыл, райондорго чейин түшүп, өздөрүнүн авторитетин кетиришти. Өз функцияларын так аткара алышкан жок. Аша чаап эптеп отчет бергенге жасалма документтерди түзүп, жасалма элди кыйнап, жасалма кылмыш иштерин козгошуп өтө чоӊ зыянга алып келишти. Көп адамдардын тагдырына балта чабышты. Акыркы эле депутаттарды кармагандары туура эмес, себеп дегенде Конституциялык нормаларга туура келбейт, ал жерде бир норма жазылса, булардын аткаргандары экинчи норма болуп калып. Булар жакшылыкка алып барбайт эле. Мына ошонун негизинде Президенттин чечимин колдоп, муну жок кылганга аракет кылышыбыз керек”, – дейт экс-министр Исаков.

Leave A Reply

Your email address will not be published.