Италиядагы футбол оюну токтотулду

Италияда коронавирустун айынан футбол сүйүүчүлөр лигасындагы 40тан ашык беттеш токтотулуп, 10 шаарга карантин жарыяланды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Италиянын футбол сүйүүчүлөр лигасында оюн жүргүзгөн “Кодоньо” клубунун оюнчусу коронавирус менен ооруп калгандыгына байланыштуу футбол сүйүүчүлөр лигасындагы беттештер токтотулган. Футболчунун учурда абалы оор бойдон калууда.

Учурда Италиянын 15 миң калкы бар Кодоньо шаары коронавирустун очогу катары бааланууда. Италияда коронавирусту 150гө чукул адам жуктуруп алганы, 3 адам каза болгону айтылууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru