Күйөөсү жокто ойношунан боюнда болуп калган келин элден кеңеш сурап кайрылды

Күйөөсүнүн көзүнө чөп салып жүргөн келин, анонимдүү катын жолдоп, кеңеш сурады:

“Жолдошум 3 айдан бери чет өлкөдө иш сапарында жүрөт. Ортобузда бир балабыз бар.
Мен кайненемдер менен айылда турам. Бир куну төркүнүмө баргам, ата-энем менен 10 күндөй жашап кайттым. Төркүнүмдө жүргөнүмдө айылдан классташ кыздар жолуктук, сырдашып, чер жазыштык курбуларым менен. Бир убакытта классташ балдарыбыз учурашканы келатыптыр деп калышты. Менин оюма Жениш да келет бекен деген ой келип өзүмдү күзгүдөн түздөй баштадым. Жениш мектеп убагындагы биринчи сүйүүм болчу. Классташ балдар келишти! Жениш жок эле… бир убакытта Айдар классташым “ало, келдинби? азыр чыгам”- деп сыртка жөнөдү. Мен Жениш го деп күтүп отурдум. Ооба, Жениш экен. Узун бойлуу, жүзүндөгү жылмаюусу менен баягы менин балалык махабатым босогодон кирип келди. Жүрөгүм бат-баттан согуп,кол алышып учурашканча денемден тер чыгып кетти. Баары менен учурашып, мага да жетти “Оо менин биринчи сүйүүм, оо менин биринчи махабатым”- деп тамашалап ырдап, баарын күлдүрүп мен менен учурашып жаныма отурду. Баарыбыз мектептеги күндөрдү эстеп күлүп отурдук. Мен Женишти карап-карап коём. Тамашакөй жигит болчу. Тамашалап баарын күлдүрүп отурат.

Бир убакытта кара баштыка жашырып келген вино, пиво, коньяктарды алып чыгышты. Чекеден тост сүйлөп иче баштадык. Баарыбыз кызып, ачылып сүйлөп кечебиз дагы да шанга бөлөнгөндөй болду. Баары өздөрү менен өздөрү болуп калган учурда Жениш экөөбүз сүйлөшүп отуруп калдык. Ал мага “Ошол эле бойдонсун Жазгүль, эч өзгөрбөпсүн, сени кандай катуу сүйдүм эле”- деп өкүнүчтүү сүйлөп, дасторкондогу ичимдиктен шарт көтөрдү. Мен “сүйсөн эмнеге үйлөнүүгө аракет кылбадын?”-дедим! Мен да катуу сүйчүмүн анткени. Ал “ жур сыртка чыгып сүйлөшүп келели тынчырак”-деди. Ойлонуп да койбостон ээрчип чыгып кеттим.

Бактын ичине кирип, кообурашып көп сөз сүйлөшүп отурдук. Ал “эсиндеби мен сага 11-классты бүтүп жатып эмне дегеним”-деп калды. Мен “эмне дедин эле”-деп кайра өзүнө суроо узаттым. Жениш “Эсинде жокбу ээ? Мени күтөсүнбү? Мен сага үйлөнөм, бирок көп убакыт керек дегем го”- деди. Мен “ эсимде Жениш! Бирок ал сөздү айткандан кийин жок болуп кеттин го! Сүйгөн адам звандап, сурап турбайбы”- дедим! Ал кайра “ сага умут берип жолунду байлап койбоймбу деп ойлонгом аябай. Мага үйлөнгөнгө чейин көп убакыт керек болчу да, мына дагы деле үйлөнбөй жүрбөймбү”-деп күлүп “ Сен болсо бир баланын апасы болупсун. Фигуран ошол боюнча го төрөсөн деле… Белин ичке болуп аябай жакчу”- деп тийише баштады. Мас болсом да акылым ордунда болчу. Бирок каршылык көрсөткүм келген жок. Кулагыма жакын келип “Сени сагындым, мага да бала төрөп бересинби”-деп жыттап, өпкүлөп кирди. Биринчи аракетти Жеништен күтүп эле отурган жаным “мен да сагындым”-деп чөпкө кулап түштүк…

Мас болуп алып жолдошумдун көзүнө чөп салып койдум. Кийин боюма бүтүп калыптыр. Азыр бир айлык кош бойлуумун. Күйөм Москвада. Женишке айтсам “төрөчү сураныч, менин баламды төрөп, чонойтчу. Экөөбүздүн сүйүүбүздөн жаралган бала төрөлсүнчү бирге боло албасак да”-деп жанды койбой жатат.
Эмне кылышымды билбей жатам. Аборт кылдырганга дагы колум барбай жатам. Күйөм бул жакта болсо да билгизбей төрөп алмакмын! Эми эмне кылам?! Кенеш бериниздерчи!”-деп жазылат катта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru