Күйөөсүнүн мойнуна бычак сайып өлтүргөн аялы кармалды

Жайыл районунда күйөөсүн өлтүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, 17-ноябрда саат 23:30 чамасында Жайыл районунун нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан чакыруу келип түшкөн. Ал жерде 32 жаштагы Сосновка айылынын тургуну С.А., мойнуна бычак сайылган жаракат алып, эсине келбей, алган жаракатынан улам реанимацияда көз жумган.
Тергөө-оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө Жайыл районунун ИИБнин кызматкерлери кылмышка шектелип, өлтүрүлгөн кишинин аялы – 29 жаштагы А.А.ны кармашты.
Көрсө, окуя болгон күнү спирт ичимдигин чогуу ичкенден кийин жубайлардын ортосунда чыр чыгып, мушташка айланган. Уруш учурунда аял бычакты алып, күйөөсүнүн моюнуна сайып жиберген.
Аял тергөө кызматына жеткирилип, кылмышты мойнуна алган. Сотко чейинки процесстер уланууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.