Күмөндөр Абылов шаар мэрине бир нече сунуш менен кайрылды

Бул тууралуу Күмөндөр Абылов өзүнүн жеке баракчасына жазып чыкты:

“”

Балбак Түлөбаев иним! Элден калбай мен дагы жаңы кызмат ордуң менен куттуктап, көңүлүмдө жүргөн бир, жакшы оюм менен бөлүшкүм келди. Өзүң борбор калаабыздын мэри болгон соң, менин бул оюма (сунушума) кайдыгер карабассың?…
Менин оюмча: “Шаардын чок ортосу менен кеткен темир жолду, вокзалы менен, станция, деполору менен чогуу шаардын чекесине, “Дордой” базардан ары, ылдый жакка көчүрөсүңбү” – дедим эле. Ошондо, темир жолдун ордуна авто жол болуп, “переездери” жок жабык көчөөлөр ачылып, даяр көпүрөөлөрү бар жолдор менен автотыгындар азаят беле, шаардын да көркү оңолот беле, кандай дейсиң?… Эгерде мен айткандай болсо, Лев Толстой көчөөсүнүн боюнда, темир жолдун өйүзүндөгү, баптистердин идеологиясына кызмат кылган “Опера балет” театрына окшогон чоң маданият сарайынын алды да кеңейип, аны кайсы бир зданиясы жок жүргөн театрларыбыздын бирине берип же, кинотеатр кылып койсок, ал театр өзүбүздүн идеологияны элге жеткирип турса, кандай гана жакшы иш кылган болоор элек? Атаганат! Бул эми, менин жеке оюм. А так, “Кинг-Конг акам өзү биледи!”…-дейт ал

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru