Күнүмдүк иштеп акча таап жүргөндөргө жардам көрсөтүлөт
Күнүмдүк иштеп акча таап жүргөндөргө жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.
“Мэрия жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирге күнүмдүк иштеп жүргөндөрдүн тизмесин түзүүдөбүз. Бул тизме бизге жума күндөн башкап келе баштады. Биз эки жумага жете турган негизги азык-түлүктөрдү жеткирүүдөбүз. Алар бюджеттен, ишкерлердин жана жергиликктүү бюджеттин каражатынан алынууда”, – дейт ал.