“Күн сайын 100дөн кем эмес тартип бузуулар жакшы көрүнүш эмес”

Мындай маалыматты Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев  брифинг учурунда билдирди:

“Күн сайын 100дөн кем эмес тартип бузуучулар кармалып жатат. Бул жакшы эмес, биз бул көрсөткүчтү 0гө чейин азайтышыбыз керек. Жарандардын коопсуздугу ушундан көз каранды, ошондуктан мен шаардыктарга кайрылам, коменданттык саатты жана карантиндик-санитардык эрежелерди бузбаңыздар. Эске салсак, мыйзам бузуулар үчүн тийиштүү чаралар колдонулат”, – деди ал.

Эскерте кетсек бүгүн жалпы өлкө боюнча жарыяланган карантиндин он бешинчи күнү

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru