Күрөш боюнча курама команда Дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Дүйнө чемпионатынан кайтып келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-октябрь, “Манас” эл аралык аэропортунда спорттун күрөш түрү боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан өлкөнүн эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча курама команданы тосуп алышты.

Эске салсак, спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрь күндөрү Осло шаарында (Норвегия) өттү.

Маалымат үчүн:

Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешинде Айсулуу Тыныбекова америкалык Кайла Коллина Кийок Чудо аттуу балбан кыз менен кез келип, 7:0 эсебинде жеңип, экинчи ирет катары менен Дүйнө чемпиону аталды.

8-октябрга караган түнү Дүйнө чемпиондугунун финалында кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова япониялык Рин Мияджи аттуу балбанды жеңип, Дүйнө чемпиону аталган.

Айпери Медет кызы коло медаль үчүн болгон беттеште украиналык Анастасия Шустова аттуу балбан менен кез келип, 12:1 эсебинде жеңип, коло медпль тагынган.

Жоломан Шаршенбеков, Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиондугунда күмүш байгени багындырышты. Ошондой эле Алибек Осмонов 65 килограмм салмакта коло байгеге ээ болгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru