Көңүл буруңуздар! 8 жаштагы Бахрам Бахрамов 16 күндөн бери дайынсыз болууда

Бишкекте 8 жаштагы Бахрам Бахрамов дайынсыз болуп изделет. Ал узап кеткен жылдын 28-декабрынан бери дайынсыз болуп жатканын Ленин РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашат.

Белгилүү болгондой, баланын атасы 12-январда милиция кызматкерлерине кайрылды. Ал 28-декабрь күнү баласы Чүй кең көчөсү менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишинен белгисиз тарапка кетип, ошол бойдон дайыны билинбей жатканын кабарлады.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Баланын өзгөчө белгилери – бою 130 сантиметр, чачтары кара, көздөрү күрөң.

Кийип жүргөн кийимдери – күрөң түстөгү күрмө, боз түстөгү спорттук шым, бут кийими кара, башында шапкасы бар.

Өзгөчө белгилери – маңдайындагы эки тиши (үстүнкү) жок.

Сүрөттөгү баланы көргөн, билгендер болсо төмөнкү номерлер аркылуу кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (500) 032-000, 0 (553) 102-465, 0 (703) 401-600, 0 (705) 450-553, 0 (553) 102-880, 0 (500) 032-000, 0 (708) 051-949 же 102.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru