Көчөгө кулап калган жигит мас болгон, коронавирус эмес

Бүгүн, 23-мартта Бишкек шаарындагы А.Токомбаев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде жерде жаткан адамды видеого тартышкан. Бул видео социалдык тармактарда тарап жатат.

Кийинчерээк милициядан жерде жаткан жигит туталактан (приступ) улам кулаганын билдиришти. Учурда анын абалы жакшы. «Бул коронавирус эмес», – деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге Октябрь РИИБдин кызматкерлери барган.

Кийинчерээк тез жардам кызматынан билдиришкендей, жерде жаткан адам мас болгон. Тез жардамга А.Токомбаев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде эркек адам жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүү учурунда ал мас абалда экени аныкталды. Аны тез жардам кызматы үйүнө жеткирди.

Булак: баракелде

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru