народный

Көк бөрү боюнча жогорку лигага кайсы команда өткөндүгү белгилүү болду

Улакчы Манас Ниязов ойногон “Ала-Тоо” командасы жана Ысык-Көлдүн “Мурас” тобу көк бөрү боюнча жогорку лигага алынды. Бул тууралуу Көк бөрү улуттук федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Эрежеге ылайык, президенттик кубокто биринчи лигада финалга чыккан эки команда автоматтык түрдө жогорку лигага ойногонго жолдомо алышат.
«Жакында өткөн «КР президентинин кубогу – 2020» турниринде биринчи лиганын «Мурас» жана «Ала-Тоо» командалары финалга чыгып, биринчи жана экинчи орундарды ээлешкен. Эрежеге ылайык, бул командалар автоматтык түрдө жогорку лигага алынат. Ал эми буга чейин жогорку лигада ойноп келген «Бакубат-Талас», «Кара-Буура» жана «Ат-Башы» командалары биринчи лигага түштү», — деп айтылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru