народный

Көптөн бери базарларда уурулук кылган чөнтөкчү кармалды

Москва районунун Ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери базарларда уурулук кылган  чөнтөкчүнү кармады. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, июль айынан бүгүнкү күнгө чейин Москва районунун милициясына райондун бир нече тургундары кайрылышкан. Алар арыз ээлеринен уюлдук телефондорун жана акчасын уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүүнү суранышты.

Райондун базарларындагы уурулук фактылары боюнча даттануулардын саны өсүп жаткандыктан, аталган аймактарда милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардын арасынан патрулдарды түзүү чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлгөндүгү маалым болду.

Натыйжада, буга чейин ушул сыяктуу кылмыштар менен бир нече жолу соттолгон Аламүдүн районунун тургуну 1987-жылы туулган А.Э. кармалды.

Учурда кармалган адам жалпы суммасы 58 миң сомдон ашуун жана 200 доллар турган бештен ашык ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефондорду  уурдаган деп шектелүүдө.

Азыр кармалган адамдын Чүй облусунун аймагында жасалган ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. Сотко чейинки процесстер уланууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru