Көзү азиз кыргыз кызы Токиодо өтө турган Паралимпиадага катышмай болду

Кыргызстандык Хайитхон Хусан кызы Токиодо өтө турган Паралимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, спортчу айым көзү азиздер арасындагы парадзюдо боюнча мелдеште 57 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашат.

Бул Кыргызстандын Паралимпиада оюндарына алган экинчи жолдомосу. Буга чейин биринчи жолдомону ядрону алыстыкка ыргытуу боюнча спортчу Арстанбек Базаркулов жеңген.

Паралимпиада оюндары Япониянын Токио шаарында өтөт. Мелдештер 24-августта башталып, 4-сентябрга чейин созулат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.