Көздүн жоосун алган кызгылт фламинго тобу-(ВИДЕО)

Казакстандык Азамат Сарсенбаев Фейсбуктагы баракчасында видео менен бөлүштү. Адам Мангистау  облустундагы Каракөл көлүнөн  кызгылт фламинго тобун видеого тартып алган.

Кадрлар 14-ноябрда тартылган.

Алгачкы кызгылт канаттуулардын тобу ушул жылдын октябрь айынын башында ушул эле жерде  тартылганын  cosmo.kz. жазган. Суук түшкөндөн кийин, фламинго Түркмөнстандагы “Хазар” коругуна же Иранга учуп кетиши толук ыктымал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru