Кадыр Кошалиев: “Курултай менен кошо өлкөнүн атын да өзгөртүш керек”

Бишкекте кезектеги конституциялык жыйын өтүүдө. “Кыргыз Жолу” коомунун төрагасы Кадырбек Кошалиев өлкөнүн атын “Кыргыз Эл Республикасы” деп Конституцияда каттоону сунуштады.

Анын айтымында, жаңы Негизги Мыйзамдын долбооруна элдик курултайдын концепциясы киргизилгендиктен, ошого жараша республика элдик болушу керек.
“Биз биринчи жолу элдик курултай институтун Конституцияга расмий түрдө киргизип жатабыз. Демократия жана башкаруу деген түшүнүк бар. Бүгүн мамлекеттик машина элди басып алды. Бир дагы мамлекетте элдик бийлик жок, бизде олигархтардын күчү жок. Элдик таасирден пайдалануу зарыл. Бардык жогорку кызматтар элдик курултайда бекитилиши керек. Ошондо биз коррупциянын минимумуна жетебиз, чиновниктер дагы жоопкерчиликтүү болушат», – деди Кадырбек Кошалиев.
Белгилей кетсек, Конституциянын жаңы долбоору иштелип чыккан. Ал эми Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен Негизги Мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам демилгеленген. Парламенттин расмий сайтында коомдук талкууга коюлду.
Баш мыйзамды кайра иштеп чыгуу алгач Садыр Жапаровдун демилгеси болгон. Ал бул жөнүндө көп жолу айткан. Бирок, Негизги Мыйзамды кайра жазуу аракети парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаттарына өткөрүлүп берилген, ал 2020-жылдын 28-октябрынан кийин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгы үчүн легитимсиз болуп калды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru