Кайра спортко кайтат. Макрегордун сынган бутуна операция жасалды

Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) экс-чемпиону Конор Макгрегор америкалык Дастин Порье менен болгон беттеште сынган бутуна операция жасатты. Бул тууралуу мушкер өзүнүн Twitter баракчасына жазганын Р-Спорт билдирди.

Порье менен Макгрегордун таймашы UFC 264 мелдешинин алкагында 11-июлда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп, техникалык нокаут менен америкалык мушкер уткан. Биринчи раунддун аяк ченинде ирландиялык атлет бутун кызыл ашыктын үстүнөн сындырып алган. Беттеш мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, Макгрегорду октагондон замбил менен алып кетишкен.

“Азыр эле операциядан чыктым. Баары жакшы өттү, өзүмдү мыкты сезип турам. Алдыда алты апта таяк менен жүрсөм, анан кайра спортко келем”, — деген 38 жаштагы ирландиялык атлет.

Мушкердин менеджери Оди Аттар экс-чемпиондун жото жилигиндеги жоон жана ичке сөөктөрүнө үч сааттык операция жасалганын билдирди. Дарыгерлер ал акырындап толук бойдон калыбына келет деп ишендирди. Анын октагонго кайра чыгарын күтөбүз”, — деген Аттар Twitter баракчасынан.

11-июлдагы таймаш атактуу мушкерлердин ич ара үчүнчү беттеши болду. Алгач 2014-жылы Конор Порьени нокаут менен уткан. UFC атлеттери быйыл 24-январда Абу-Дабидеги “Мушкерлер аралы” спорттук жайында кармашып, анда америкалык мушкер ирландиялыкты таймаштын экинчи раундунда сулата чаап жеӊип алган. Бул ирландиялыктын карьерасында алгачкы жолу нокаутка түшүп утулган беттеши болгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.