Кайрадан карантин киргизилеби?

Кайрадан карантин киргизүү тууралуу айтуу эрте. Мындай пикирин бүгүн, 27-апрелде болгон онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев эгер коронавирус жуктургандар көбөйүп кетсе кайрадан карантин жарыяланып же жарыяланбай турганы тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Кытайдын өзүндө жана Европада чечкиндүү чараларды кабыл алынып, карантин жакшы эффект берди. Мейкиндикти обочолонтуу абалды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Эгер карантин алынгандан кийин оору жуктуруунун жаңы толкуну болуп, ал массалык мүнөзгө ээ болсо, анда тиешелүү чектөөчү чаралар колдонулат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru