Калмурзаев: Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна 6 млн сом бергеним чын

Factcheck.kg Садыр Жапаров менен сүрөткө түшкөн эс алуучулардын социалдык тармактардагы аккаунттарын текшерип көрүп, алардын президенттик шайлоого катышы бар экенин аныктады.

Facebook социалдык тармагындагы тайпалардын биринде сүрөттөгү адам Нурбек Калмурзаев экенин жана ал шайлоодо Жапаровду колдогону тууралуу айтылган.

Нурбек Калмурзаев деген ким?

БШКнын маалыматына ылайык, Калмурзаев Нурбек Жолборсбекович 2021-жылдын январь айында өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна дээрлик 6,6 млн сом которгон. Калмурзаев Жапаровго эң ири демөөрчү болгон.

Ал Кара-Суу районунда жайгашкан “Баястан” ресторанына ээлик кылат.

Маалыматты тастыктоо үчүн Калмурзаевге кайрылдык.

“Ооба, президенттик шайлоосунда Садыр Жапаровдун шайлоо штабына 6,6 млн сом которгомун. Эч кандай жеке кызыкчылык көздөгөн эмесмин, талапкерди президент болуп калсын деген тилегим, каалоом болгон”-дейт ал.

Калмурзаев Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезинде, президент Садыр Жапаров менен чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин Кыргызстандагы эң таанымал адамга айланган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.