Камчыбек Ташиев: “Аида Касымалиева уятыңар жок экен!”

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева чет өлкөдөгү иш сапарынан кайтып келгенден кийин коронавируска байланыштуу карантинге алынган. Ал, учурда үйдөн чыкпай отурганын, жолдошу тамак ташып берип жатканы боюнча маек берген.

Вице-спикердин маегине саясатчы Камчыбек Ташиев төмөндөгүдөй пикирин билдирди.

“Эмнеге сиз үйдөсүз, шайлоочулар, жөнөкөй эл карантинге байланыштуу больницада көзөмөлдө! Силер Жогорку Кеңештин кызматкерлери коронавирус тараган Германиядан келип, кызматтык абалыңардан пайдаланып үйүңөрдө жатасыңар, уяты жоктор!”-деди К.Ташиев.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru