народный

Камчыбек Ташиев, коомдук ишмер: “Кечээки митингди башынан эле колдогон эмесмин”

Саясатчы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылып, 2-мартта ызы-чуу менен аяктаган митингди башынан эле колдобогонун “коом.пресс” сайтына билдирди.

“Мен, 2-марттагы митингди башынан эле колдоп жардам берген жокмун. Саясий иштериме байланыштуу үч күндөн бери башка оймакта жүрөм, шаарда жокмун. Митинг боюнча бир дагы адам менен сүйлөшкөн эмесмин. Менин атым аралашып тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Анан калса президентти кууйбуз, бийликти басып алабыз деген аракеттерди эч качан колдобойм”-дейт Камчыбек Ташиев.

Белгилей кетсек, 2-мартта Садыр Жапаровдун миӊден ашык тарапташы Ала-Тоо аянтына митинг уюштурду. Алар, кечке маал Акүйгө карата жүрүш жасап, тоскоол болгон милиция кызматкерлерине таш ыргытып, мыйзамсыз аракеттерге барышты. Жыйынтыгында чогулгандар күч менен таратылды. Уюштурган мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев жана Сабыр Жапаров УКМК тарабынан суракка чакырылды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru