Камчыбек Ташиев коррупционерлерди кантип казынага акча төлөтүү жолун айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды( өзгөртүүсүз беребиз) «Урматтуу мекендештер! Официалдуу жумушка чыкканыма бүгүн 3 күн. 3 күндө 2 миллиард сомдон ашык акча өндүрдүк. Тергөө аныктаса дагы төгөт. Мамлекетке зыян келтирген коррупционерлерден элдин акчасын кайтарабыз. Бул башталышы гана, көптөгөн эл жегичтер менин тизмемде турат. Баарын кустурабыз. Ушул коррупционерлерди кустуруу операцияларында бир да укук коргоо органдарынын кызматкерлери бир сом дагы пара алышпайт. Баарын мамлекетке төктүрөбүз. Бул маселелер жеке менин көзөмөлүмдө эч кыжаалат болбоңуздар! Аларды камап кармап отурбастан уурдаган акчасын төлөтүп, кийинки кылмыштарына бөгөт коёбуз. Кыргыз мамлекетинде коррупционер, элдин акысын жеген жана элди куураткан бир адам да болбош керек», – деп жазылат билдирүүдө

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru