народный

Канат Аманкулов: Спортчулардын ден соолугу бардык сыйлык жана медалдардан кымбат!

Быйыл Японияда өтө турган XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын кийинки жылга жылдырылышы боюнча Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов кайрылуу жасады.

“Урматтуу спортчулар, машыктыруучулар, спорттук дарыгерлер, спорттун түрлөрү боюнча федерациялардын өкүлдөрү жана спорттун сүйүүчүлөрү!

2020-жылдын 24-мартында Япониянын Премьер-министри Абэ Синдзо, Токио-2020 Уюштуруу комитетинин жана Эл аралык олимпиада комитетинин чечими менен Токиодо өтө турган XXXII жайкы Олимпиада, XVI Паралимпиада оюндары 2021-жылга жылдырылды.

Биздин спортчулар катуу даярдык көрүп, олимпиада медалдарын жеңүүнү максат кылып келген. Бүгүнкү биздин максатыбыз – спортчулардын олимпиадалык духун көтөрүп, алардын коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.

Биз менен бирге олимпиада медалдарына аттангандардын баарына, машыктыруучулардын атлеттерге болгон ишеними үчүн, спортчулардын тартиби жана аракети үчүн, күйөрмандардын спортко болгон сүйүүсү үчүн, спорттук дарыгерлердин жана федерациялардын өкүлдөрүнүн өлкөдө спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Спортчулардын ден соолугу бардык сыйлык жана медалдардан кымбат!

Белгилей кетсек, XXXII жайкы Олимпиада оюндарын 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Токио шаарында (Япония) өткөрүү пландалган. Оюндарды жылдырууунун себеби коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу болду»- деп айтылат кайрылууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru