Канат Исаевдин агасы Талантбек Исаев кызматтан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын генерал-майору Талантбек Исаев кызматтан кетти. Анын ордун Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички тергөө кызматы башчысы Талантбек Акматов ээледи. Бул тууралуу коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери кабарлашты.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын генерал-майору Талантбек Исаев өз арызы менен кызматтан кетти.
Талантбек Акматов буга чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын башчысы болуп иштеп келген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru