Канат Исаевдин эжеси Бактыгүл кызматтан кетишине жамааты каршы чыгууда

Бүгүн, 14-январда Токмок шаардык ооруканасынын дарыгерлери мэриянын алдына митингге чыгышты. Алар оорукананын директору Бактыгүл Исаеванын кызматтан алынышына каршы.

Дарыгерлердин айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги Токмок шаардык ооруканасын Үй-бүлөлүк медицина борбору (ҮМБ) жана Чүй облустук стоматологиялык клиникасы менен бириктирүү чечимин кабыл алды.

Ушул оптимизациянын алкагында Исаеваны кызматтан бошотуу жана ҮМБнын башчысы Айгүл Сыдыкованы бириккен медициналык мекеменин жетекчиси кылып дайындоо чечими кабыл алынды. Аял 60 жашта, башкача айтканда, пенсия курагында.

“Бактыгүл Исаеваны Канат Исаевдин эжеси болгону үчүн гана жумуштан кетирип жатышат” дешет дарыгерлер.

Учурда дарыгерлер Токмок шаарынын мэриясынын жетекчилиги менен жолугушуп, медициналык мекеменин жаңы жетекчисин дайындоо маселесин талкуулап жатышат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.