Канат Каниметов, журналист: “Ошто ичкиликке тыюу салыптыр, Афганистан болгону калдык!”
Мындай пикирин “Апрель” телеканалынын журналисти Канат Каниметов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Журналисттин жеке баракчасы
“Ошто үй-бүлөөнүн баалуулуктарын сактоо үчүн – ичкиликке тыюу салып жатыптыр. Мындай болсо кыздарды мини юбка кийбегиле деп чектеп башташат. Менде Афганистанга айланып бара жатабызбы деген коркунуч пайда болду”-деп нааразы болду ал.
Белгилей кетсек, журналист Канат Каниметов 2 жыл мурун көчөдө сакалчан кишини “террорист” деп атап, экөө чырдашып кеткен.