народный

Канат Музуралиев: “Мэр болом деп чарбаны түшүнбөгөн Төрөханга окшогондор деле жулунуп жатат”

Бул тууралуу ал “коом press” сайтына билдирди:

«Мыйзамга ылайык 12-мартта  кайрадан шайлоо болуп мэр дайындалышы керек.  Андыктан мындай абалда шаардын мэрин алмаштырып, каалаган киши боло бергени таптакыр мыйзамсыз. Биз шаардык кеңештин депутаттары  Төрөхан Жунусбаев  азыр келсе дагы шайлап бере албайбыз, себеби мыйзам ушундай. Экинчиден мен мэр  болот элем деп чарбаны башкарып көрбөгөндөр деле жулунуп атышат. Бишкек чоң шаар, ызы-чуусу, маселеси көп. Алдыда кыш келе жатат, коронавирустун экинчи толкуну турат. Келе жаткан киши жакшылап ойлонушу керек. Андыктан Алмаз Бакетаев өзүнүн милдетин аягына чейин аткаруусун туура көрөм»-дейт шаардык кеңештин депутаты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru