Канатбек Ахмедов: “Чек ара аймактарында жашаган калктын малы коңшу өлкөгө өтүп кетип, кайра кайтарылбай жатат”

Бүгүн, 2-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар көйгөйлөр көтөрүлдү.

Алсак депутат Тазабек Икрамов Сузак районунда дайынсыз жоголуп, кийин сөөгү табылган тогуз жашар кыздын өлүмү тууралуу кеп кылып: “Бул маселе тыкыр иликтенип, мыйзам чегинде күнөөлүүлөр жазаланышы керек”, – деди.

Ошондой эле депутат Канатбек Ахмедов Баткен облусунун чек ара аймактарында жашаган калктын малы коңшу өлкөгө өтүп кетип, кайра кайтарылбай калып жатканын белгилеп: “Андыктан көзөмөлдү күчөтүп, чек арачылардын санын көбөйтүү керек”,– деди. Андан тышкары, облустук оорукана 1972-жылы салынганын маалымдап, тез арада аны оңдоп түзөөдөн өткөрүү зарылчылыгын кошумчалады. 

Ал эми депутат Тариел Жоробеков Талас шаарындагы аба майданын калыбына келтирүү маселесин көтөрүп, муну менен катар электр жарыгын үзгүлтүксүз берүү маселесине токтолду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru