народный

Канттагы авиа базанын сапатын көтөрүү боюнча Башкы штаб менен элчи сүйлөшүү өткөрдү

Кыргызстандын аймагында Бириккен орус аскер базасынын иштешине байланыштуу маселелерди анын сапаттык компонентин өркүндөтүү жагында караш керек. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев жана Россиянын элчиси Николай Удовиченко билдиришти. Жолугушуу 27-октябрда болуп өттү, генерал-майор Т.Өмүралиев Башкы штабдын башчысы болуп дайындалгандан кийин эл аралык кызматташуу жаатындагы биринчи жолугушуу болуп саналат. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы биргелешкен кадамдар боюнча пикир алмашышты. Элчи Удовиченко Россия аскери аскердик-техникалык багыттар боюнча пландаштырылган иш-чараларын мындан ары да уланта берерин,ошондой эле жакынкы келечекте каржы-экономикалык чөйрөдө мурда жетишилген мамлекеттер аралык келишимдерди этап-этабы менен ишке ашыруу чараларын көрөт деп ишендирди. «Тараптар аскердик чөйрөдөгү кыргыз-орус мамилелери мындан ары да аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында өнүгө берет жана бекемделет деп ишеним билдиришти», – деп билдирди Башкы штаб.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru