Каныбек Иманалиев Садыр Жапаровдун эмнеге президент болууга укугу жок экенин түшүндүрдү

Кыргыз элине сунушталган Конституциянын жаңы долбоору Түркмөнстанга караганда дагы жаман. Бул тууралуу референдумга каршы жарандык форумда Жогорку Кеңештин депутаты, президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев билдирди. “Мен ар кайсы өлкөлөрдүн Конституцияларынын тексттерин салыштырдым, биздин долбоордон өткөн жаман нерсе жок”,- деди ал. “Текстти адвокат эмес, сабатсыз публицист жазган. Эми биз муну аныкташыбыз керек. Эгер Садыр Жапаров өзү ушул долбоордун автору болгон болсо, анда ал президенттикке талапкер болууга укугу жок. Биздин өлкө кедей болсо да, бирок эркиндикти сүйгөн мамлекетпиз. Бизди эл аралык аренада татыктуу адам көрсөтүшү керек. Мен референдумга каршымын”,- деп билдирди Иманалиев.

Leave A Reply

Your email address will not be published.