Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ош шаарында өттү

Ош шаарында 13-ноябрда экс-билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Чогулгандар алдында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Исаковдун достору жана шакирттери сөз сүйлөштү.

Билим берүү министрлигинин статс-катчысы президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун, экс-президент Роза Отунбаеванын жана кыргыз өкмөт мүчөлөрүнүн атынан көңүл айтуу сөздөрүн окуп берди.
Мэр Сарыбашов Исаковдун Ош шаарын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, анын шакирттери устатынын ишин уланта берерин айтты.

К.Исаков 12-ноябрда Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында көз жумган. Ал медициналык мекемеге 11-ноябрда түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, ага пневмония диагнозу коюлган.

Ал 51 жашта болчу. 2011-жылдан 2019-жылдын 11-сентябрына чейин К.Исаков Ош мамлекеттик университетинин ректору болгон. 2019-жылдын 11-сентябрынан 2020-жылдын 14-октябрына чейин Билим берүү жана илим министри болгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru